Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алар ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясынын байкоочулары жана Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү.