Жаңылыктар
Түркмөнстанда жугуштуу оорудан дарылангысы келбегендер эркинен ажыратылат
Дүйнө
Түркмөнстанда жугуштуу оорудан дарылангысы келбегендер эркинен ажыратылат

Түркмөнстанда бийлик Жазык кодексине өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, эми мындан ары «коркунучтуу инфекциялык оорудан» дарылангысы келбегендер, ооруканадан качкандар эки жылга эркинен ажыратылат. 

Эгер мындай көрүнүш дагы кайталанса, беш жылга түрмөгө кесилет. Түркмөнстан — Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коронавирус бар экенин ырастабаган жападан-жалгыз мүчөсү. Бирок июль айында бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө карантинге жапкан. 

Ошондой эле өлкөдө коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 17 доллар айып салуу август айынан башында башталган. Соңку айларда түркмөн ооруканалары пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып жатат.