Жаңылыктар
Тедрос Гебреисус: дүйнө жүзү башка пандемияларга да даяр турушу керек
Дүйнө
Тедрос Гебреисус: дүйнө жүзү башка пандемияларга да даяр турушу керек

Учурда дүйнө элин кооптуу абалга кептеген коронавирус инфекциясы акыркы пандемия эмес жана дүйнө жүзү мындан башка пандемияларга да даяр турушу керек. Бул тууралуу Женева шаарында өткөн брифингде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебреисус билдирди. 

Айтымында, адамдардын саламаттыгы коомдук, экономикалык жана саясий туруктуулуктун негизи. Дүйнө эли экономикалык жана саламаттыкты сактоо тармагында бул сыяктуу кырдаалдарга даяр турушу керек.

"Бул акыркы пандемия эмес. Тарых бизди инфекциялык оорулардан улам жаралган пандемиялык кырдаал жашообуздун бир бөлүгү экендигине үйрөтүп жатат. Дүйнөнү мындан башка да пандемия каптаганда, барыбыз ага туруштук берүүгө даяр болушубуз керек. Бул оору бизди ден соолукту баалаганга үйрөттү. Ден соолук бул колунда бар адамдар гана ээ боло турган нерсе эместигин, ар бир адамдын укугу экендигин даана көрсөтө алды",- деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебреисус.