Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялардын талапкерлери тизмеден четтетилди
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялардын талапкерлери тизмеден четтетилди

«Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлердин тизмесинен 6 талапкер чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбековага карата 7-сентябрда кабыл алган. Комиссиянын маалыматы боюнча, буга «Ыйман Нуру»партиясынын жазуу түрүндөгү каты, Алтынай Уранбекованын арызы жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечими негиз болгон.

Ошондой эле «Социал-демократтар» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен Эрмек Окенов чыгарылды. БШК мындай чечимди партиянын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алган.

7-сентябрда  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде «Ата Мекен» социалисттик саясый партиясынан Жогорку Кеңешике депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Дастан Алымбековду чыгарды.