Жаңылыктар
ӨКМ: жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш-аракеттери
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш-аракеттери

Аба ырайынын кескин ысып кеткенине жана нөшөрлүү жаанга байланыштуу өлкөдө жаратылыш кырсыгын алдын алуу иш-аракеттери жүрүүдө. 

Азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Нарын облусуна, министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Баткен облусуна, министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков Чүй облусуна жана министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев Ысык-Көл облусуна кетип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине жеринен жетекчилик кылып жүрүшөт.

Маалымдалгандай министр Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кок-Жар, Ак-Кыя айыл аймактарын, Нарын шаарын, Ат-Башы районун толугу менен кыдырып чыкты. 

Ал жерде турак-жайларды, көпүрө, ички-чарбалык жолдорду жана айыл чарба аянттарын суу каптоо коркунучу сакталып турат. 

Боронов жергиликтүү тургундар менен жолугуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык күчү - суу каптоо коркунучун жоюуга жумшалаарын билдирди.