4-октябрь шайлоо күнү добуш берүү участоктору электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Мындай тапшырма отун энергетика тармагындагы бардык ишканаларга берилди. Азыркы учурдан тарта авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартып, ар бир шайлоо тилкелерин кошумча генераторлор менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.