Жаңылыктар
Президент Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Саясат
Президент Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ мырзаны дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. 

Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстанда жасаган жемиштүү ишмердиги үчүн элчи мырзага ыраазычылык билдирип, кыргыз-япон мамилелеринин өнүгүүсүнө жана эки тараптуу кызматташтыктын жакшырышына кошкон жеке салымы зор экенин белгиледи. 

Элчи Такаюки Коикэ мырза эки өлкө ортосундагы алака акыркы жылдары жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, эки тараптуу мындай мамиле кыргыз-япон кызматташтыгына дем берип, биринчи кезекте соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртканын белгиледи.