Жаңылыктар
Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасында капиталдык оңдоо иштери аяктады
Аймак
Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасында капиталдык оңдоо иштери аяктады

Ысык-Көл облусунун аймактык бириктирилген ооруканасында капиталдык оңдоо иши жыйынтыкталды. Оорукананын инфекциялык бөлүмүн жакшыртууга 19 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. 

Алтымыш жыл мурда курулган имараттын биринчи кабаты керектен чыгып, пайдаланууга мүмкүн болбой калган. Оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгында дарылоочу жай бир айдын ичинде толугу менен заманбап болуп өзгөрдү.