Жаңылыктар
ШКУ: ДАЕШ бүгүнкү күндө коркунуч жараткан эң негизги чакырык
Дүйнө
ШКУ: ДАЕШ бүгүнкү күндө коркунуч жараткан эң негизги чакырык

Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 15 жыл толду. Бул убакыт аралыгында аталган бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн башчылары ар жыл сайын жолугушуп, дүйнөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулап келишет. Ар тараптуу кызматташтык жолго коюлган. Бирок, ШКУнун ишмердүүлүгү жетишээрлик натыйжа бербей жатканын айткандар да бар.

Алты мамлекет мүчөлүк кылган эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүнө 15 жыл толду. “Шанхай бешилтиги” деген ат менен белгилүү болгон уюмдун катарына 2001-жылы Өзбекстан кошулуп, туруктуу кызматташтык механизми да дал ушул учурда түптөлгөн эле. Бирикме бул убакыт аралыгында аткара алды деп кайсы орчундуу жетишкендиктерди белгилөөгө болот. Келечекте ШКУ көңүл бура турган кандай көйгөйлөр бар? Бул суроолорго “Сереп” уктуруусунда жооп издейбиз.

Шанхай кызматташтык уюмун түзүү идеясы 60-жылдарга таандык. Анда Советтер Союзу менен Кытай эл республикасы аймактык талаштарды чечүүгө киришкен эле. ШКУнун мамлекет башчыларынын алгачкы саммитинде уюмду түзүү декларациясынан сырткары, “Терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы биргелешип күрөшүү конвенциясы” да кабыл алынган. Уюмдун негизги максаттары ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы ишеним, достук, ар тараптуу багыттардагы кызматташтык. Атап айтсак, аймактагы коопсуздукту биргелешип камсыз кылуу, адилеттүү жана натыйжалуу саясий, экономикалык тартипти орнотуу, мыйзамсыз миграцияга, түрдүү радикалдык мүнөзгө ээ коркунучтарга, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу болуп саналат. Ал эми экономикалык кызматташтык кайсы бир тармак менен эле чектелбейт. Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер боюнча департаменттин өкүлү Гүлкайыр Балбаева ШКУнун бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгү жемиштүү болду деген пикирди айтат.

“Өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык учурларды эске  алсак, Шанхай кызматташтык уюму натыйжалуу иштерди аткара алды. Саясий,  экономикалык, маданий-гуманитардык аянтча түзүлдү. Бирикме бул багыттагы кызматташтыкты улантып жатат. Ошондой эле ар көп тараптуу тажрыйба алмашуу  жаатындагы алакада да жылыштар бар. Уюм чоң мүмкүнчүлуктөргө  ээ. Эксперттер кандай пикир айтышпасын,  ШКУнун ишмердүүлүгүнө жогору баа бере алабыз. Анда мунаса табышуу принциби бар.  Орток пикирге ээ болуу үчүн ар бир тарапка бирдей укук берилген. Ар бир мүчө  өлкөлөр өздөрүнүн көз-караштарын жетиштүү айта алат. Башкалар сыяктуу эле  биздин өлкө да тең укукка ээ”.

Талдоочу Марс Сариев ШКУнун келечеги, мүмкүнчүлүктөрү кеңири деген пикирде. Бирок, кызматташтыкты өркүндөтүүгө тоскоол болгон жагдайлар да бар экенин белгилейт. Муну Орусия менен Кытайдын стратегиялык максаттарынын шайкеш келбей жатышына байланыштырат.

ШКУнун 2002-жылы өткөн саммитинде кол коюлган документте “21-кылымда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип издөө” келишими камтылган. Алдыда уюмду кандай милдеттер күтүп турат? Саясат талдоочу Кирил Коктыш учурда террорчулукка каршы күрөштөн өткөн көйгөйлүү маселе жок экенин белгилейт.

“ДАЕШ бүгүнкү күндө коркунуч жараткан эң негизги чакырык.  Ал дүйнөгө жетишээрлик кооптуу коңгуроо кагып жатат. Себеби бул террордук уюмдун  катарында 120 өлкөнүн жарандары бар. Бул 120 өлкө аларга эмнени сунуштаарын  билбей турат дегендик. Бул кризис дүйнөлүк тынчтык тартибин бузган көрүнүш. Дал  ушул маселе да Шанхай кызматташтык уюмунун көңүл борборунда болушу зарыл”.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги саммити 23-24-июнь күндөрү Ташкентте өтөт. Анда коопсуздукка байланышкан маселелер өзгөчө талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Эксперттер да алдыда боло турган жыйынга карата өз ойлорун ортого салышууда.

“Жыйында эң негизгиси ШКУнун аткарган иштерине жогору баа  берилет деп ойлойм. Анткени уюм аймактагы коопсуздукка байланыштуу жоопкерчилик  талап кылган олуттуу маселелерди чече алды. Ошону менен бирге ШКУ аскердик блок  болуудан өзүн оолактатып, кызматташтыктын башка багыттарына да көңүл бурду. Алакалардын деңгээли бүгүнкү күндө жогору. Ташкенттеги жыйында бир катар ишке  аша турган экономикалык долбоорлорго  байланыштуу да келишимдер жетишилиши мүмкүн”.

Шанхай кызматташтык уюмуна 6 өлкө мүчөлүк кылат. Алар Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан. Ташкентте өтө турган жыйында Пакистан менен Индияны да толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселеси каралат. Буга чейин аталган мамлекеттер уюмдун жыйындарына байкоочу катары катышып келген. Индия менен Пакистан атаандаш өлкөлөр катары белгилүү. Ортолорунда чечилбеген чек-ара, аймактык маселелер бар. Мындай шартта алардын ШКУга бирге мүчөлүгү абалды өзгөртө алабы деген суроого эксперттердин жооптору ар түрдүү. Кеңейээри күтүлүп жаткан 15 жылдык тарыхы бар уюмдун жылдык  ички дүң өндүрүмү 37 триллион долларды түзөт.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Эгерде кызыктуу нерселерге күбө болсоңуздар - видео, сүрөттөрдү бизге жөнөтүңуздөр! 

WhatsApp/Viber  +996 551 748118