Жаңылыктар
Салык кызматы: ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттары иштей баштайт
Экономика
Салык кызматы: ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттары иштей баштайт

Эки эл аралык аэропортто жана 4 темир жол станциясында Кыргызстанга товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштеп баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. 

Мамлекеттик салык кызматы Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык, товарларды эсепке алуу пункттары "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Кара-Балта", "Аламүдүн", "Кара-Суу”, "Бишкек-1" темир жол станцияларында ачылат.

Ушуга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү болот.