Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен парламенттик шайлоодон четтетилген "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылган.
Эске салсак, биринчи сот отуруму 7-сентябрда болуп, 9-сентябрга кайрадан карап чыгууга жылдырылган.
Учурда, арызды кароо иштери уланып жатат. Ал эми, имараттын сыртында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары чогулуп, наарызычылыктарын билдирүүдө.