Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында эркин депутат пайда болду. Республикачылар соттон утуп келген депутат Жыргалбек Саматовду кабыл албасын билдирип, фракция мүчөлүгүнөн чыгарып койду. Буга анын кош жарандуулугу себеп болгондугу айтылууда. Бирок, Саматов өзү фракциянын мындай чечимин негизсиз деп эсептейт. Серепчилер болсо, парламентте талаш жаратып жаткан мандат талаш маселесине шайлоо учурунда кетирилген калпыстыктар себеп болуп жаткандыгын белгилешет.
Парламентте 13-январь күнү ант берген депутат Жыргалбек Саматовду "Республика - Ата-Журт" фракциясы тизмесинен чыгарды. Ага депутаттын Орусиянын жасалма документтерин пайдаланып, кош жарандуулугун жашырууга кылган аракети себеп болгон. Фракция лидери Өмурбек Бабанов бул маселеде далилдүү документтердин чогултулгандыгына карабастан чечим чыгарып берген сот органдарына нааразылыгын билдирди.
“Республика Ата Журттун “ катарынан чыгарылган Жыргалбек Саматов фракция чечимин мыйзамсыз деп сыпаттайт. Парламенттин 14-январындагы жыйынында ал Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетке кайрыла тургандыгын айтты.
Коомчулуктун көңул борборуна айланган бул маселеге эл өкүлү Рыскелди Момбеков да токтолуп, депутаттардын мандаттан ажыратылышын фракциялардын диктатурасы орной баштагандыгынын белгиси деп мүнөздөдү.
Таң калычтуу жагдай Жыргалбек Саматовдун 5-чакырылышта 5 жыл бою депутат болуп турганда жарандыгына байланыштуу маселе көтөрүлбөгөнүндө. Деген менен Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаров ал мезгилде Саматов боюнча жетиштүү документтин топтолбогондугунан ушул кезге чейин созулган деп түшүндүрөт.
Адистердин айтуусунда, фракция мүчөлүгүнөн чыгарылган Жыргалбек Саматов башка беш фракцияга кошула албайт. Эл өкулүн фракциянын чечими менен эле мандатынан ажыратууга болбойт. Кайрат Осмоналиев 2008-жылы кабыл алынган “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу ” жөнүндөгү мыйзамынын айрым беренелериндеги карама-каршылыктарга толуктоолорду киргизүү зарылдыгы турат. Эми Саматов Жогорку Кеңештин эркин депутаты болуп калды.
К Осмоналиев: мыйзамга ылайык фракцияга киргенге укугу бар деп жазылган, бирок милдетинде ал жазылган эмес. Дагы 14-беренеде ЖКтин депутаты фракцияга кирет деп жазылып турат. Демек, мыйзам ичинде коллизия бар. Ошондуктан фракция чечим кабыл алышы мыйзамда жазылган эмес. Андыктан Саматов эркин депутат болуп калды. Мен ойлойм мыйзамды ирээттеп коюш керек.
Ошол эле учурда айрым талдоочулар соттон утуп келген депутатты фракция лидеринин четке чыгарып коюшуна негиз болгон себептерди атап, шайлоо учурунда кетирилген калпыстыктарга токтолот .
Кошумчалай кетсек, бир нече айдан берки соттук териштирүүлөрдүн соңунда Саматов депутаттык мандатка ээ болуп, парламент трибунасында ант берди. Биринчи жолу БШК 2015-жылдын 9-декабрында депутаттык значокту жана күбөлүктү тапшырган. Көп өтпөй эле эл өкүлүн орусиянын жарандыгы бар деген жүйө менен ага мандат берүү чечими жокко чыгарылган. Мындан кийин талапкер соттошуулардын жаны айлампасын баштаган. Анын натыйжасында да жеңишке ээ болуп, боршайком экинчи ирет мандатын кайрып бергенге аргасыз болду.