Жаңылыктар
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз элин Комуз күнү менен куттуктады
Маданият
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз элин Комуз күнү менен куттуктады

Комуз чеберлерине болгон урматын билдирүү менен, 9-сентябрь - “Комуз күнү” менен дос жана бир тууган кыргыз элин Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчиси Нури Шимшеклер куттуктады.

Комуз – дос жана бир тууган кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал, эзелтен бери эл акындары колдонуп келген үч кылдуу улуттук музыкалык аспап болуп саналат. Комузду кыргыз эли абдан ыйык тутат,- деп айтылат куттуктоодо.

Эске салсак, Кыргызстанда 2019-жылдан тартып 9-сентябрь - “Комуз күнү” катары кабыл алынган. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана  Туризм Министрлиги тарабынан 7-13-сентябрь күндөрү “Комуз жумалыгы” деп жарыяланган.