Жаңылыктар
"Комуз чеберлерине урматымды билдирем",- Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги
Маданият
"Комуз чеберлерине урматымды билдирем",- Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги

Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана Таанытуу Кеңешчиси Нури Шимшеклер Комуз күнүнө карата ktrk.kg сайтынын электрондук дарегине куттуктоо катын жөнөттү.

"Комуз – дос жана биртууган Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал, эзелтен бери эл акындары колдонуп келген үч кылдуу улуттук музыкалык аспап болуп саналат. Комузду Кыргыз эли абдан ыйык тутат. Кыргызстанда 2019-жылынан баштап 9-сентябрь - “Комуз күнү” катары кабыл алынган. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм Министрлиги тарабынан 7-13-сентябрь күндөрүн “Комуз жумалыгы” деп жарыяланды. Аталган жумалыкка байланыштуу дос жана бир тууган Кыргыз элин куттуктап, комуз чеберлерине урматымды билдирем".

Докт. Нури Шимшеклер

Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги

Маданият жана Таанытуу Кеңешчиси