Жаңылыктар
Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын жарандарга саюуга чыгарды
Дүйнө
Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын жарандарга саюуга чыгарды

Коронавируска каршы россиянын "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясын жарандарга саюу үчүн чыгарышты, аларды жакында аймактарга жеткирүү күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып жазды. 

Белгилей кетсек, вакцина тиешелүү болгон лабораториялык бардык сыноолордон өткөн. Препарат август айында Россиянын Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.