Жаңылыктар
Россиянын опозициялык саясатчысы Алексей Навальный эсине келди
Дүйнө
Россиянын опозициялык саясатчысы Алексей Навальный эсине келди

Россиянын опозициялык саясатчысы Алексей Навальный эки жумадан соң эсине келди. Учурда Навальный жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, кыймылдай баштаганы айтылууда. 

Саясатчы эки аптадан ашык убакыттан бери эсине келбей, Германиянын "Шарите" ооруканасында жаткан. Дарыгерлер Навальный Россияда ууландырылган деген тыянак чыгарышкан. Алексей Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Андан соң 22-августта саясатчы атайын учак менен Германияга жеткирилген.