Жаңылыктар
АКШ Беларуска санкция киргизүү маселесин карап жатат
Дүйнө
АКШ Беларуска санкция киргизүү маселесин карап жатат

Кошмо Штаттар Беларустагы репрессияларга жана адам укуктарын бузууга катышы бар аткаминерлерге «даректүү санкция» салуу мүмкүндүгүн кароодо. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Жарыяланган билдирүүдө ал Координациялык кеңештин мүчөсү Мария Колесникованын уурдалышы жөнүндөгү маалыматтарга байланыштуу терең тынчсызданган.

Помпео Колесникова жана Координациялык кеңештин дагы эки мүчөсүнүн, ошондой эле өз укуктары менен эркиндиктерин коргогон беларус элинин эрдигин жогору баалады.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири, Координациялык кеңештин президиум мүчөсү Мария Колесникова өзүн күчтөп өлкөдөн чыгарууга жол бербей, Украина менен чек арада кармалган. Бул тууралуу украин расмий органдары жана беларус оппозициясындагы булактар билдиришкен.

Мунун алдында БелТА агенттиги оппозиционер Украина менен чек арада кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, Колесникова жана кеңештин дагы эки мүчөсү Антон Родненков менен Иван Кравцов Беларус аймагынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Колесникова кармалган, калган экөө азыр Украинада жүрөт.

Колесникованы 7-сентябрда Минскиде белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Күбөлөр аны Улуттук көркөм музейдин жанынан «Байланыш» деген жазуусу бар чакан автобуска күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин малымдашкан.