Жаңылыктар
Балбак Түлөбаев көл жергесинде саясий партиялар берип жаткан убадаларды "космоско" теңеди
Шайлоо 2023
Балбак Түлөбаев көл жергесинде саясий партиялар берип жаткан убадаларды "космоско" теңеди

Ысык-Көл жергесине Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барган Балбак Түлөбаев парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын жергиликтүү калкка берип жаткан убадаларын космоско теңеген. Ал мындай пикирин өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Балбак Түлөбаев 2018-жылдан бери Бишкек шаардык мэриясынын Аппарат жетекчиси кызматында эмгектенип жүрүп, быйыл жай айында көл жергесине Ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган. Ал социалдык тармактарда активдүү отургандыктан, көпчүлүк жарандын кайрылуусун түз кабыл алып, тийиштүү жоопторду жазып турат.