Жаңылыктар
Улут сыймыгы – комуз!
Маданият
Улут сыймыгы – комуз!

Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, Комуз күнүнө карата бүгүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) маданий иш-чара уюштурду. 

Маданий иш-чараны Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Конокбаев ачып, өзсөзүндө комуздун кыргыз элинин турмушундагы ролуна кеңири токтолуп өтүү менен, белгилүү комузчулар Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Ниязаалы Борошев,Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев сыяктуу залкар инсандарыбыз кыргыз күүсүн байытып,улуттук маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды сактап, муундан-муунга рухтабериги катары өткөрүп  келишкенинин баса белгиледи. 

Комуз майрамы манасчы Жанат Шакирт уулунун “Манас” айтуусу менен башталды.Андан кийин руханий маданиятыбызды жоготпой, алып жүрүүчүлөрдүн бири, белгилүүкомузчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рахат Көчөрбаев,маданияттын мыкты кызматкери Фарида Өмүрзакова, белгилүү комузчу РыспекЖунушев, Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетининмугалимдери Асанбай кызы Айпери, Самарбекова Нурпейил, эл оозуна комузчулукөнөрү менен оозго алынып келе жаткан жаш комузчу Жетиген уулу Аскат,Санкт-Петербург шаарындагы А. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалыкуниверситетинин студенти Алина Уланова, М. Күрөңкеев атындагы Кыргызмамлекеттик окуу жайдын студенттери Насиров Руслан, Муратбек уулу Нурдан, кылымкарыткан күүлөрдү аткарып берүү менен кыргыз комузунун улуулугун даңазалашты.

“Акак” комузчулар ансамбли А. Огомбаевдин “Маш ботой, Ш. Шеркуловдун“Үч-Муунак” күүсүн жогорку чеберчиликте аткарып беришип, майрамга өзгөчө биршаң кошту.

Бул күнү Кыргызпатенттин мекемесинде комуз күүлөрү жаңырып турду.  Баардык кыргызстандыктарды комуз майрамыменен куттуктайбыз!