Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго аралашуусуна шарт түзүлгөн эмес. Айрыкча муниципалдык мекемелер менен коомдук жайлардагы шарттын жоктугу арабага байланган адамдардын жашоосун оорлотуп келет. Мыйзамда каралган шарттар эмнеге түзүлбөй жатканы кезектеги материалда.
Радик Кутуев 16 жашында арабага көз каранды болуп калган. Азыр ал 37де. Бул аралыкта майыптар үчүн шарттын жоктугунан көп кыйынчылык тартты.
Майып адам үчүн шаардагы бул ооруканын короосуна кирүүгө жол жок. Радик 2012-жылы дал ушул жерге нерв оорусун дарылатканы келип шарттын жоктугунан жатпай кетип калган. Андан бери мындагы абал оң жагына өзгөргөн эмес.
"Ош шаарынын тургуну Котормо. “Бул жерге даарыланганы келип сураштырсам, мен жата турган бөлүм экинчи кабатта экен.Майыптар үчүн шарт барбы мен кантем десем бизде пандус, лифт жок шартыбызга көнбөсөн кете бер деп коюшту.Ошондон бери даарылана албай жүрөм", - дейт Ош шаарынын тургуну Радик Кутуев.
Шаардык бейтапкананын кызматкерлери майыптар үчүн шартын жоктугун, имараттын эскилиги менен түшүндүрөт. Жылына мында 2-3 майып дарыланып кетет. Аларды көбүнчө жакындары тейлейт.
”Бул имарат облустук администрациянын мейманканасы болгон экен. Андан кийин бул ооруканага айланган. Ошондуктан бизде майыптар үчүн шарт жок. Бизге жаңы бейтапкана курулуп жатат ошол жерде бардык шарттар болот”, - дейт Ош шаардык ооруканасынын нерв оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлүстан Козубаева.
Ош шаарында 1354 майып каттоодо турат. Алардын көпчулугу өз алдынча , жашоосун улантууда. Анын бири Асранкул Жээнкулов. Жаш активисттин айтымында шаардагы социЯлдык мекемелерде майыптар көңүл сыртта калганын айтат.
Майыптар үчүн пандус бул өңдүү жапыс болуп, башка бирөөнүн жардамысыз эркин чыгууга шарт түзүшү керек. Бирок бизде бул норма сакталбайт. Оштогу “Интеграция” коомдук фонду майыптардын башын бириктирип, укугун коргоп келет. мыйзамда майып адамды кодулабоо үчүн аларга шарт түзүү каралган. Бирок бул мыйзам эч жерде аткарылбайт.
“Конституциянын 16 -беренесинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кодулабоо керек экени жазылган. Мында бардык адамдар катары билим алууга, шаардагы муниципалдык мекемелерге кирүүгө коомдук уналарда жүрүүгө шарт түзүлсүн деп мыйзамда жазылган. Бирок азыр бул мыйзам толук аткарылбайт. Маселен шаардагы жаны имараттар курулуп жатканда архитекторлор майыптар үчүн шарт түзүлбөгөнүнө көңүл бурбайт. Бул жагдай бизге оор тиет", - дейт “Интеграция” мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук фонду Мария Фегеле.
Бул Ош шаардык мэриясынын пандусу.Мында майып арабанын өзүн алып чыгуу түйшүк. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында калаадагы бардык жерде абал ушундай.Анткени ыңгайлуу пандус курууга архитектуралык эрежелер мурда каралган эмес.
Жаңы шайланган мэрдин иш планында майыптарга шарт түзүү үчүн координациялык кеңеш түзгөн. Мында ар бир мекемеде, коомдук жайларда майыптарга ыңгайлуулук түзүү жагы каралган. Бул жумуштар 2017-жылга карата ишке ашырылмакчы.