Жаңылыктар
Баткен облусундагы чек ара бекемделүүдө
Чек ара
Баткен облусундагы чек ара бекемделүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикерим Алимбаев Баткен облусундагы күч кызматтарынын жетекчилери менен биргеликте Зардалы, Кожо-Ашкан аймагында болуп чек арачылар менен жолукту. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы ашууларга тик учак менен абадан чалгындоо жүргүздү. 

Учурда Баткендин тоолуу аймактарында чалгындоо топтору иштеп жатат жана Баткен районунун борборунан 130 чакырым алыстыктагы Коргон чек ара заставасына барчу унаа жолу да оңдолууда.

Бул чыныгы согуштук же машугуу учурундагы жарылуу эмес. Жөн гана жол куруу учурундагы көрүнүш. 1999-жылдан кийин Зардалы айылына барчу жол он жылга жакын каралбай калган. Айылдан анча алыс эмес жайгашкан Коргон чек ара заставасына барчу жолдун абалы да начар болгон. Эми чек ара кызматы жергиликтүү эл менен биргеликте жол оңдоого киришти. 

"Чегарачылардын күчү менен жолду маршруттук каттам жүрө турган кылып кеңейттик. Эми унаалар эркин каттаса болот. Төрт портер, эки жеңил машина маршрут ачты. Алты унаа жаз айында каттайт, кышында ашуу жабылат", - дейт Зардалы айылынын тургуну Дөөлөт Жалилов.

Жол оңдолду эми аймакта кошумча чек ара блок постторун орнотсо болот. Бул туурасын чек ара кызматынын төрагасы чакан жыйында кызматкерлерге тапшырма берди.Ошондой эле жыйында чек араны коргоо жана чек арачылардын аскердик тартиби, өздүк коопсуздугу, күжүрмөн даярдыгы тууралуу айтылды. 

"Квадратын табасыңар, ордун табасыңар ошол жерге блок пост койобуз. Блок пост сөзсүз болуш керек. Бизде дагы кандай салттарыбыз бар, биз жоокерлердин көкүрөгү менен чек араны тосо албайбызда! Коргон чек ара постуна жайында келишет. Баткен чек ара отрядына кошумча биз Бишкектен борбордук аппараттан бир канча офицерлерди бул жерге койдук. Себеби, 1999-жылы тополоңдун баары ушул багытта болгон.Бул аймакта беш чек ара ашуусу бар. Бүгүнкү күндө биз талаа иштерин жүргүзүп ошол чек ара ашууларын изилдеп кайсыл тарапка көңүл буруу керектигин аныктап жатабыз", - дейт Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикерим Алимбаев.

Чек ара кызматынын төрагасы баштаган ыкчам чалгындоо тобу Кожо-Ашкан аймагындагы чек ара блок постунда болушту. Бул аймакты чегарачылар жай айларында гана кайтарышат. 1999-жылы белгисиз куралчан топ мына ушул Кошо-Ашкан аймагы аркылуу киришкен.

Кошо-Ашкан багытында Тажикстан менен чектеш Каракушкана, Жашыл-Көл,Түтөк жана Мачча сыяктуу ашуулар бар. Чек ара кызматынын төрагасы, Баткендеги күч кызматкерлери ашууларга тик учак менен абадан байкоо жүргүзүштү. Азырынча аталган ашуулар жабык. Демек коркунуч жок.