Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алды. Сырттан келген жардамдар пандемияга байланыштуу чыгашаларга жана ишкерлерди каржылоо жолу менен экономиканы калыбына келтирүүгө жумшалууда. Ал арада 5 миң ишкер жеңилдетилген насыяларды алышты.
Эл аралык каржы уюмдарынан алынган 338 млн доллардын 207 млн доллары пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга сарпталган. Калган 131 млн доллар Улуттук банктын эсебинде турат.
Тышкы жардамдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү ишкердик субъекттерди каржылоо жолу менен экономиканы калыбына келтирүүгө жумшалууда. Бүгүнкү күндө ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн. Ал каражаттын 2 млрд сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 млрд сом Каржы министрлиги аркылуу берилүүдө.
Ушул тапта жеңилдетилген кредит берүү кызмат көрсөтүү, өндүрүш, айыл чарба жана соода сыяктуу бардык тармактарды камтыйт. Бул программага аймактарды кошкондо 11 банк катышып жатат.
Эркин Асрандиев белгилегендей, акыркы 6-7 айда бюджетте бир топ жоготуу болгонуна карабастан пенсия, жөлөкпул жана бюджеттик мекемеде иштегендерге айлык акы өз убагында жана толук берилип жатты. Соңку бир айда абал турукташа баштагандыктан, эми каражаттар таза суу, ирригация жана ишкерликти колдоо сыяктуу экономикалык долбоорлорго, жол, мектеп, оорукана курууга жана оңдоого жумшала баштады.