Жаңылыктар
Жаңы биометрикалык паспорт маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы биометрикалык паспорт маселеси

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсүн даярдап, учурда аны өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссия талкуулап жатат.

Жаңы документке жарандын өздүгүн тактай турган гана маалыматтар жазылып, ал эми улуту, жашаган жери тууралуу маалымдамалар электрондук базада сакталат. 

Расмий органдар бул өзгөрүүлөр өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын бир бөлүгү экенин айтышууда. Бул арада паспортто “бешинчи графанын” көрсөтүлбөй турганы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы учурда биометрикалык системанын экинчи бөлүгүн ишке ашырууга киришти. Анын алкагында кыргызстандыктар ID үлгүдөгү жаңы паспорт ала башташат. Ага адамдын аты-жөнүнөн кийин, жарактуу мөөнөтү, документтин номери жана кол тамга гана түшүрүлөт. Ал эми улуту, жашаган жери жана нике тууралуу маалымат электрондук базадагы атайын чипте сакталат. 

Андыктан жаран жашаган жерин алмаштырып же үй-бүлөлүк абалы өзгөрсө азыркыдай паспортту толук алмаштыруунун кереги жок. Арыздын негизинде бул маалыматтарды чиптен эле өзгөртүп койсо болот. Ал эми социалдык тармактардагы талкуу документте улуту көрсөтүлбөй турганына байланыштуу кызыды. 

Айрымдар “бешинчи графанын” алынып салынышын чыккынчылыкка теңесе, кээ бирлери жаңылануу доорунда мындай өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырышууда. Тарыхчылар негизи паспортто улутун көрсөтүү тажрыйбасы бизге Советтер союзунан калган салт экенин айтышат. 

Учурда дүйнөнүн 50гө жакын мамлекеттери паспортто улутун көрсөтүү тажрыйбасынан баш тартышкан. Мисалы өздүк документте жарандыгын гана көрсөткөн өлкөлөргө Австрия, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Италия, Франция, Чехия, Шевеция, Швейцария сыяктуу өнүккөн өлкөлөр кирет. 

Ал эми мурдагы Советтер союзундагы мамлекеттерден Орусия, Беларусь, Украина, Грузия, Өзбекстан жана Молдова бар. Айрым африка өлкөлөрүндө улутунан сырткары кайсы урууга тиешелүү экенин да көрсөткөн тажрыйба бар. Адистер мунун эскилик дешет.

Мамлекеттик каттоо кызматы баштаган реформалар Эл биримдигин жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясынын негизинде башталган. Мына ошол документте “кыргыз жараны” деген түшүнүктү калыптандыруу башкы максат. 

Мындан сырткары келечекте бул электрондук паспорт бир эле убакта айдоочулук күбөлүк, банктык карта, пенсиялык китепче жана медициналык карта сыяктуу беш документти өзүнө камтый турганы белгиленди.

Демилгени калктын калың катмары колдоп чыкканы белгилүү. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан элдеринин конгресси жана айрым саясатчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын кадамын сындап чыгышты. 

Жаңы документтин долбоору учурда өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссияда талкууланып жатат, эгер бир добуштан колдоого алынса жаңы үлгүдөгү паспорттор ушул жылдын аягында бериле баштайт.