Жаңылыктар
Москвада Россиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада  Россиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду

Москва шаарында Россиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду. Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров эл аралык жана аймактык маселелер тууралуу пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулады. 

Ошондой эле, алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар тууралуу да кеңешишти. Кыргызстандын тышкы иштер министри эртең 10-сентябрда боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышат. 

Сергей Лавров төрагалык кыла турган жыйында ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сөз болот. Мындан сырткары, уюмдун келечекте өнүгүү багыттары менен кошо коронавирус пандемиясынын саясий жана социалдык- экономикалык тармакка тийгизген глобалдык терс таасирин жоюнун жолдору талкууланат.