Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттады. Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы кечки жыйынында кабыл алынды.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок партия шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн БШК аны каттоого алды.
Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.