Жаңылыктар
Шайлоо бюллетениндеги партиялардын ирети аныкталды (Тизме)
Шайлоо 2023
Шайлоо бюллетениндеги партиялардын ирети аныкталды (Тизме)

9-сентябрда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. 

БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чүчүкулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү. 

2020-жылдын 9-сентябрында түзүлгөн протоколго ылайык, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессинде колдонула турган шайлоо бюллетенинин текстин жана таризин бекитти. Парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия катышууда.

Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. “Биримдик” демократиялык партиясы,

2. “Мекенчил”,

3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы,

4. “Мекеним Кыргызстан”,

5. “Реформа”,

6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы,

7. “Замандаш”,

8. “Бүтүн Кыргызстан”,

9. “Социал-Демократтар”,

10. “Мекен Ынтымагы”,

11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,

12. “Ордо”,

13.  “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“,

14. “Республика”,

15. “Кыргызстан”,

16. “Чоң Казат”