Жаңылыктар
“Кегети” капчыгайына фото капкандар коюлат
Билим
“Кегети” капчыгайына фото капкандар коюлат

Чүй облусунун аймагындагы “Кегети” капчыгайына  жапайы жаратылышты изилдөө багытында фото капкандар коюлат. 

Адистердин маалыматында, капчыгайда  аюу, илбирс, ачкүсөн, суусар   сыяктуу  жапайы  жырткыч  жаныбарлардын  бир катар түрү кездешет. Бирок адам факторунун  таасиринен  аларды  көрүүгө  мүмкүнчүлүк болбой келет. 

Фото капкандар Кегети капчыгайында өлкө аймагында сейрек кездешкен  жаныбарлардын санын  аныктоого жана  мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө да көмөктөшөт. Эколог, токойчулар, күч органдары   жана  эл аралык уюмдардын  өкүлдөрү капчыгай менен таанышып, ал жерде атайын жыйын өткөрүштү.