Жаңылыктар
С.Каралаевдин энциклопедиясы жарык көрдү
Маданият
С.Каралаевдин энциклопедиясы жарык көрдү

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин академиялык басылыштагы энциклопедиясы жарык көрдү. Энциклопедияга баш сөздү мамлекет башчы  Алмазбек Атамбаев  жазган. Китепте манасчынын өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер, документтер кеңири камтылган. Манасчы Улуттук илимдер академиясында өткөн энциклопедиянын бет ачарында  мындай жакшы саамалыктын “ тарых жана маданият”  жылына туш келишинин философилык жактан алганда мааниси чон экендиги белгиленди.

Саякбай Каралаевдин энциклопедиясынын бер ачаары Болот Шамшиев тарткан улуу манасчы туурасындагы документалдуу фильм менен башталды. Жакшы саамалыкка  президенттик аппараттын  окүлдөрү, Кыргыз эл жазуучулары, академик- окумштуулар, коомдук ишмерлер, ЖОЖ октуучулары, манасчылар катышты. Кыргызстандын улуттук жазуучулар союузунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов мындай көлөмдүү эмгектин чыгышы,элдин тарыхын , маданияттын, камтыган улуу эпосту  дагы да теренден билип, таанышууга негиз түзөөрүн айтты. Ошондой эле китептин бет ачары “ Тарых жана маданият” жылына туш келип туруусу маанилүү деп белгилейт.

Кыргыз эл жазуучусу  Кеңеш Жусупов  Саякбай  Каралаевди  көрүп калгандыгына бактылуу сезинеээрин бөлүштү, бирок аны учурунда баалай албай калган жактарыбыз да бар деп белгилеген   жазуучу, бугунку кундо утурумдук нерселерге кызыкпастан ушундай коломдүү эмгектерди жаратып, Манасчылардын музейин түзүү сунушун ортого салды.

Улуттук Илимдер Академиясы тарабынан  Саякбай Каралаевдин жаңыдан басылган энциклопедиясын  кошкондо акыркы  2 жылда  жалпысы  4 академиялык басылыштагы энциклопедия жарык көдү.  Буга чейин  Токтогул Сатылгановдун, Алыкул Осмоновдун,  Сагынбай Орозбаковго арналган  энциклопедиялар окурмандарга жеткен. Улуттук Илимдер академиясынын президенти , академик Абдыганы Эркебаев  фундаменталдуу эмгектин жаралышы   академиянын илипоздорунун, ЖОЖ окутуучуларынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы болуп калганын айтты.  Ошондой эле энциклопедияны өз каражатына басып чыгарган  “  Эл аралык Саякбай фондунун төрагасы” коомдук ишмер Самат Ибраев экендигин  белгилейт

Улуу  Манасчы Саякбайдын энциклопедиясына  академик, Абдылдажан Акматалиев илимий жетекчилик кылган аталган энциклопедияны Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраев жана коомдук ишмер Болот Берикбаев каржылаган. Энциклопедия 500 нускада чыкты.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”