Аксыда шайлоочуларга басым кылган “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү камакка алынды. Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев "Биринчи радиого" билдирди.
Окуя 7-сентябрь күнү аталган облустун Аксы районунда катталган.