Жаңылыктар
Шайлоодогу куру убадалар, же партиялардын жоопкерчилиги барбы?
Шайлоо 2023
Шайлоодогу куру убадалар, же партиялардын жоопкерчилиги барбы?

БШК менен шайлоого аттанган айрым саясий партиялар мыйзамдарды жана эреже талаптарды так сактаган жок деп соттошуу Жогорку сотко чейин жетти. Бул бир чети БШКнын айрым чечимдерине сын жаратса, кээ бир партиялардын боло берет деген кайдыгерлиги катары бааланды. Партлидерлердин “өзүм билемдиги” боюнча да сын айтылууда. Мамлекет башчы бардык саясий партияларга бирдей шарт болсун, утуп келген кайсы партия болбосун иштешүүгө даярмын деген пикирин билдирген. 

Мамлекеттик органдарга да ушул талапты коюп жатат. Анан калса бул жолу пандемия шартында өзгөчө тартиптеги шайлоо өтөт. Мындай учурда саясий партиялардын,талапкерлердин да жоопкерчилиги маанилүү. Өлкөнү түп-тамырынан бери кыска мөөнөттө эле өзгөртүп жиберебиз деген убадалар жаңырууда. Бул жолку шайлоо процесси кандай өтүп жатат, партиялык система, партиялык күчтөрдүн идеологиясы канааттандырабы?

Уктурууга политолог Кубан Абдымен, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары, ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жана саясат талдоочу Табылды Акеров катышты.