Жаңылыктар
Москвада ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү
Мекендештер
Москвада ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү

Бүгүн Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Ага катышкан уюмга мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттары кызматташуунун ар кайсы багыттарын, тышкы саясий кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун жана мамлекет башчыларынын ноябрь айында боло турган саммитке даярдыкты талкуулады. 

Москва шаарындагы Украина мейманканасында Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Тышкы иштер ведомствосунун башчылары мамлекет башчылары катыша турган саммитке даярдыктын жүрүшүн талкууга алды.