Жаңылыктар
Шайлоо күнү Чүй облусундагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланды
Шайлоо 2023
Шайлоо күнү Чүй облусундагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланды

4-октябрь күнү өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Чүй облусуна иш сапарынын алкагында жыйын өткөрдү.

Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлери катышкан жыйында министр мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызматкерлердин даярдыктарын сурап, ар бир кызматкер  шайлоо мыйзамдарына байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билүүлөрү шарт экенин эскертип, жетекчилер тарабынан окутууларды өткөрүү талаптарын койду.

Иш сапары учурунда министр Кашкар Джунушалиев Чүй ОИИББнин имаратында жайгашкан ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун иштеринен кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.