Жаңылыктар
Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китеп түрк тилинде жарык көрдү
Маданият
Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китеп түрк тилинде жарык көрдү

Түрк тилдүү элдер үчүн жакшы белек! Залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу жаңы китеп түрк тилинде жарык көрдү. Китептин бет ачары Улуттук илимдер академиясында өттү. Ага эмгекти чыгарууга чоң салым кошкон Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, жазуучуну терең баалаган окумуштуу, илимпоздор жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. 

Отузга жакын өлкөнүн окумуштуу-илимпоздорунун эмгектери камтылган бул тарыхый китеп - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоосу менен чыгарылды. 100гө жакын макаланын көпчүлүгү Кыргызстандын окумуштууларына таандык.

Терең маанилүү баа жеткис бул эмгекте - Айтматов таануудагы кийинки учурдагы жаңы ой- пикирлер, көз караштар камтылган. Чындыгында түрк тилдүү элдер үчүн эң жакшы белек болду деп кубанат Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү.