Жаңылыктар
Каракол шаарынын борбордук бөлүгүндө жол оңдолууда
Аймак
Каракол шаарынын борбордук бөлүгүндө жол оңдолууда

Каракол шаарынын борбордук бөлүгүндө жол оңдолууда. Жусуп Абдрахманов атындагы көчөдө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. 

Бир ай мурда башталган иш дагы бир айда жыйынтыкталаары күтүлүүдө. Долбоорго жалпысынан 77 миллион сомдон ашык каражат сарпталат. Ысык-Көл облусунун борборунда жол маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келген.