Жаңылыктар
Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктоодо
Аймак
Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Жалпы жумуштардын 90 пайыздан ашыгы аткарылды. 

Курулушу мындан алты жыл мурда башталып, бирок ар кандай себептер менен үзгүлтүккө учурап келген иш быйыл жыйынтыкталат. Буга чейин долбоорго 50 миллион сом сарпталган. Мектеп жетекчилиги, элет тургундары дагы 9 миллион сомдук соңку каржылоону күтүп жатышат.