Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоо жагынан көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо жагы иштелип жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар аткарылууда.
«Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.