Жаңылыктар
Тоңдогу сел багылып жаткан балыктарды агызып кетти
Өзгөчө кырдаал
Тоңдогу сел багылып жаткан балыктарды агызып кетти

Ал арада Тоң районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, көлмөдө багылып жаткан балыктарды агызып кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жаандын кесепетинен Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, Тоңдогу балык өстүрүүчү чарбанын жанындагы дамбанын 200-250 метр аралыгын алып кеткен.

Райондогу айыл тургундарына түзүлгөн абалды түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тагыраагы, жашоочуларга - табигый көлдөрдүн жырылуу коркунучу бар экендиги, аба-ырайы турукташканча коопсуз жайларда боло турушканы жакшы болоору эскертилди.