Жаңылыктар
Баткен облусунда эки баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткандар кармалды
Кылмыш
Баткен облусунда эки баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткандар кармалды

Ветеринардык инспекция билдиргендей, 10-сентябрь күнү Бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана Баткен райондук ветеринардык коопсуздук боюнча башкармалыктын кызматкерлери рейд учурунда Баткен районунун Тажикстандын Согд облусунун Исфара району менен чектешкен жеринде - Кара-Бак айылында 2 баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жарандарды кармашкан. Кармалган жарандар Кадамжай районунун Охна айылынын тургундары болгон.

"Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга КР Бузуулар кодексинин 156-статьясынын негизинде (3-категорияда) 5 миң 500 сом айып пул салынды. Эки баш жылкы Кадамжай районуна жөнөтүлүп, Кадамжай райондук башкармалыктын инспекторлору тарабынан карантинге алынды. Учурда тиешелүү ветеринардык иштер жүргүзүлүүдө (диагностикалык иштер)", - деп билдирет ветеринардык инспекция.