Жаңылыктар
Казакстанда "Манас" эпосу казак тилинде басылып чыкты
Маданият
Казакстанда "Манас" эпосу казак тилинде басылып чыкты

10-сентябрда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев менен Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Академиянын президенти 60 жылдан бери биринчи жолу казак тилинде басылып чыккан "Манас" эпосун тартуулады.  Китепте Президент  Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү бар.  Басмакана үчүн  "Манас - Кыргыз калкынын эпосу"  китебин Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгалы Алимжанов тарабынан иштелип чыккан.

Эки боордош элдин жана жалпы түрк мамлекеттеринин маданиятын жана каада-салтын жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштер үчүн ыраазычылык билдирип, элчи  Академия менен мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артаарын билдирди.

Жолугушууда тараптар келечектеги пландарды  талкуулашты.  Анын ичинде Манас эпосунун казак тилиндеги расмий презентациясы, ошондой эле казак акыны, агартуучу жана философ Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган иш-чаралар болду.