Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаров Талас облусуна иш сапары менен болуп кайтты
Өзгөчө кырдаал
Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаров Талас облусуна иш сапары менен болуп кайтты

Министр Замирбек Аскаров: “Учурдагы пандемия убагындагы финансылык кыйынчылыктарга карабастан, негизги милдетибиз болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштерин аткарып жатабыз”.

2020-жылдын 10-сентябрь күнү КР ӨК министри Замирбек Аскаров Талас облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын максаты Талас облусундагы кооптуу тилкелерди жеринен карап, алдын алуу багытындагы иштер менен жеринде таанышуу, жергиликтүү тургундардын  кайрылуулардын негизинде жолугушуу. Министр иш сапарды алгач Талас районунун Айдаралиев айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылын кесип өткөн Каракол суунуна баштады. Бүгүнкү күндө суунун сол жак жээги желип жаткандыктан, 200 метр аралыкка суу тосмо куруу маселеси каралды. Суунун сол жак жээгинде кыш мезгилинде муз тоңуп, автоунаа өтүүчү көпүрөнүн батыш тарабындагы суунун сол жээгинен ашып, калк жашоочу 14 турак жайды жана тургундардын чарбагын каптоо коркунучу жаралып келген. КР ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын башчысы полковник Талант Касиевдин берген маалыматы боюнча, суу тосуучу дамба курулуп, суунун нугу тазаланса 60 турак жай корголоорун айтты. Жергиликтүү тургундар суунун нугу турак жайларга коркунуч келтирбеш үчүн жээк бекемдөө иштерин жүргүзүп  берүүнү суранышты. Министр Замирбек Аскаров Көпүрө-Базар айылындагы тургундар менен болгон жолугушуусунда табигый кырсыктарды алдын алуу иштери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүрүшү жакшы натыйжа берээрин баса белгилеп өттү. Министр  маселени жеринде карап, мерчемге  киргизип, ишти баштоону тиешелүү башкармалыктадын башчыларына тапшырма берди.

Андан соң Өмуралиев айыл аймагында Чат-Базар айылындагы Талас дарыясынын сол жээгиндеги 250 метр аралыкта суу тосмо куруу маселесин карады. Буга чейин суунун агымы жээкти жай баштагандыктан убактылуу тосмо курулган. Кайрадан суунун көлөмү көп келгендиктен учурда 25 турак жайга коркунучтар бар экени маалыма болду. Министр Замирбек Аскаров тиешелүү башкармалыктарга долбоор жазып, келээрки жылдын планына киргизүү тапшырмасын койду.

Министр  Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Чыгыш тарабындагы Тойкул көчөсүндөгү 45 турак жайды коргоо максатында Талас дарыясынын жээгине 750 метр дамба куруу маселеси менен жакындан таанышты. Аталган объектини курууга 17 млн 800 миң акча каражаты бөлүнгөн. Министр Аскаров Капиталдык курулуш департаментине тез арада курулуш иштерин баштап, жыл аягына чейин аяктоону тапшырды.

Учурдагы пандемия убагындагы финансылык кыйынчылыктарга карабастан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштерин аткарып келе жатат.

Андан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусунун  райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өздүк курамы менен жеринен таанышып, көйгөйлүү маселелерин укту. З.Аскаров министрликтин алдыдагы аткара турган пландары менен жакындан тааныштырып өттү.