Жаңылыктар
Адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
Адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” - деп аталган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак кыргыз прозасын өнүктүрүү максатында алты айдан бери өткөрүлүп келген. Бул жолу иш-чарага отуздай аңгеме катышкан. 

Анын ичинен окурмандар Нурлан Кыдыковдун “Аял сырттандары” аңгемесин тандаса, ал эми калыстар тобу тарабынан КТРКнын кызматкери Нурайым Шаршенбаеванын калемине таандык “Казак” аңгемеси жеңишке жетти. 

Бүгүн жеңүүчүлөргө маданият маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сынакты “Калемгер” адабий клубу уюштуруп келет.