Жаңылыктар
Унутулган кишидей болбой укугуңду пайдалан
Шайлоо 2023
Унутулган кишидей болбой укугуңду пайдалан

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү 18 жаштан жогору өлкөнүн баардык жарандары анын ичинде чет мамлекеттерде иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктар да добуш берүү укугунан пайдалана алышат. Адатта сыртта жүргөн мекендештер шайлоого жигердүү катышпай келгени көп айтылып жүрөт. Бирок бул жолку шайлоого бардык шарт түзүлүп жатат. Бул багытта тишелүү мамлекеттик мекемелерге Кыргызстандагы миграция боюнча Эл аралык уюм жардамга келди. Учурда өлкөдө эки жарым миңдей, ал эми сыртта жүргөн мекендештер үчүн 44 шайлоо участкалары түзүлүп, шайлоо комиссиялары дайындалды.

Москвада үй бүлөсү менен үч жылдан бери иштеп, жашап жаткан мекендешибиз Улан Кыдыров 4-октябрда парламенттик шайлоого катышып, добуш берет. Жубайы жана достору менен Кыргызстандын Москвадагы консулдугуна келип биометрикалык маалыматтарын тапшырып, форма 2 үлгүсүн толтуруп, каттоого турду. Добуш берчү күнү жубайы экөө атуулдук милдетин аткарат.