Жаңылыктар
Алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот, - С.Жээнбеков
Шайлоо 2023
Алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот, - С.Жээнбеков

Президент  Сооронбай Жээнбековдун «Биринчи радиого» кезектеги маеги

Парламенттик  шайлоого берилген стартты кандай баалап жатасыз?

Буга чейин айткандай, алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрү анык. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар. Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар.

Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү. Ошондуктан, коомчулуктун көңүлүн бул сөзсүз бурат. Бул күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөт деп ойлойм. Биз азыр мына ушундай учурда жашап жатабыз - саясий партиялар өлкөдөгү саясий маданиятты калыптандыруучу эң негизги күч.

Парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу да мына ушул партиялар. Биз азыр парламенттик демократияны куруу аракетиндебиз. Бирок, баарыбыз билебиз, парламенттик демократия бир-эки шайлоо менен эмес, бир канча жолкудан кийин калыптанат, өнүгөт.

Муну өнүккөн парламенттик системасы бар өлкөлөрдүн тарыхы көрсөтүп турат. Ошол көз караш менен алганда биздеги парламенттик демократия азыр калыптануу жолунда.

Ушул жагдай азыркы болуп жаткан шайлоо процессиндеги оош-кыйыштарга да таасир этпей койбойт. Сөзсүз таасир этет. Бул процессте эң чоң жоопкерчилик - партияларда. Алардын идеологиялык платформасынын түзүлүшүндө, алардын ички тартибинде. Белгилүү түшүнүк бар го “демократиялык центризм” деген, ошол демократиялык центризмдин жоктугунда болуп жатат.

Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок. Бул эгемен Кыргызстан парламенттик демократияга жол алды деген акыркы 10 жылдагы көрүнүш.

Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө.

Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, эң ириде партиялар партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеш керек. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар өздөрү дагы, партиялардын лидерлери дагы.

Мен мурда да айткам. Бизде, тилекке каршы, укугубузду жакшы билебиз, жакшы коргойбуз. Бирок милдетке келгенде, башкаларга доомат артып, күнөөлүүлөрдү башка жактан издегенге көбүрөөк ыктайбыз.

Өлкө качан өнүгөт? Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт. Өзүнүн милдетин дагы, укугун дагы бирдей билгенде өлкө өнүгөт.

Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат. Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт. “Эл башкарам, элдин тагдырын чечем” деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм.

Жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот. Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буйруса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз.