Жаңылыктар
Улуттук Банк: мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары жанданды
Экономика
Улуттук Банк: мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары жанданды

2020-жылдын биринчи алты айында мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 225,3 миллион доллар каражат которушкан. Бул тууралуу Улуттук Банктан билдиришти. 

Ушул эле айлар ичинде былтыр мигранттар тарабынан 1 миллиард 351 миллион каражат келип түшкөн. Айырма анча чоң эмес. Белгилей кетсек жыл башында Кыргызстанга акча которуулар азайган. Бирок июнь жана июль айларында кайрадан жанданып, өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу көбөйгөнү байкалды. 

Мигранттар которгон каражат Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү, ал ички дүң продукциянын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.