Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. Жалпы россиялык добуш берүү Россия Федерациясында өткөн жекшемби күнү өттү
Мекендештер
Шайлоо - 2020. Жалпы россиялык добуш берүү Россия Федерациясында өткөн жекшемби күнү өттү

Жалпы россиялык добуш берүү Россия Федерациясында өткөн жекшемби күнү болуп өттү. Россиялыктар губернаторлор менен депутаттарды тандап добуш берди. Өлкөнүн 83 субъектисинде 9 миң түрдүү багыттагы шайлоо жүрдү. Борбордук шайлоо комиссиясы айрым мамлекеттердин элчилерин чакырып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Коронавирус мезгилинде жалпы россиялык добуш берүү 3 күн катары менен болду. Себеби, келген адамдар кысылбай, аралыкты сактап оорунун жугушун алдын алуу үчүн пландаштырылган. 11-12-сентябрда алдын ала добуш берилип, 13-сентябрда негизги шайлоо күнү болду. Эл губернаторлор менен депутаттарга добуш берди. Тажрыйба бөлүшүп, жаңы нерсе үйрөнүү максатында БШКга Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын элчилери чакыртылган.
Кучак толо роза гүлүн Аликбек Жекшенкулов Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфиловага белек кылды. 12-сентябрь анын туулган күнү болчу. Эң кызыгы бул күнү Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын дагы туулган күнү. Дипломатиялык өкүлдөр өз өлкөлөрүндөгү шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү, жетишкендиктер тууралуу айтып берди.