Жаңылыктар
Элдик репортер КТРК: Урмарал суунун деңгээли көтөрүлүп үйлөрдү каптады
Өзгөчө кырдаал
Элдик репортер КТРК: Урмарал суунун деңгээли көтөрүлүп үйлөрдү каптады

2 күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан, суунун деңгээли көтөрүлүп, өлкөнүн бир нече аймагы селдин кесепетинен жабыркап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндөп-түндөп кооптуу жерлерди көзөмөлдөрүнө алышты. Мындай аймактардын катарында Талас жергеси да бар. 

Жагдайга күбө болгондордун сүрөттөрүндө  Бакай-Ата районундагы Урмарал суусунун катуу кирип жатканы, Ак-Дөбө айыл аймагындагы көпүрөнү  суу каптап жаткандыктан суунун нугун буруш үчүн жолду  казууга туура келгендиктен  Талас-Тараз жолун жабылганы, Талас шаарынын  Эшим Кутманалиев атындагы стадионуна  кеткен жолду суу каптап, Интурист мейманканасынын короосун жана 3  үйдүн короосуна суу кирип кеткендиги жергиликтүү тургундар "Элдик репортер КТРКга" кабарлашты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, мэрия жана жергиликтүү тургундар суунун нугун башка жака бурганга жапырт киришкен.



Элдик  Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то  интересное- отправляйте нам! 

WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118