Жаңылыктар
Тажикстанда төрт жашар кыздын зордукталышы боюнча байкеси жана жеңеси кармалды
Дүйнө
Тажикстанда төрт жашар кыздын зордукталышы боюнча  байкеси жана жеңеси кармалды

Тажикстанда төрт жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу эки адам кармалды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымат таратып, жабырлануучу  байкеси жана жеңеси тарабынан зордукка кабылганы маалым болгон. 

Маалыматка караганда, кыздын агасы 72 саатка камалды. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат, ал эми жеңесине “Атайлап денеге оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Соттук-медициналык экспертиза учурунда  кыздын зордукталганы тастыкталды.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою соттоо менен өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.