Жаңылыктар
ИИМ: бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат

Бишкекте бир жумадан бери интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга карата рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Жума башында Ички иштер министри Кашкар Жунушаливдин журналистер менен жолугушуусунда, Бишкек ШИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов бир апта ичинде шаар сойкулардан тазалана тургандыгын билдирген. Рейд калаанын бир катар райондорунда жүрүп жатат.

Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери журналистер менен биргеликте “Түнкү көпөлөк” деген аталыштагы рейд жүргүзүп, сойкулук менен алектенген кыздарды кармап жатат.

Рейддин жүрүшүндө күч органдары Ибраимов-Боконбаев, Ибраимов-Москва, жана Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Абдрахманов-Иваницин көчөлөрүндөгү бир катар үйлөрдү текшерүүгө алды. Рейддин алгачкы күнүндө жеңил жүрүм-турумдагы 15 кыз кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Андан кийин №10 милиция бөлүмүнө 20га жакын интимдик кызмат көрсөткөн кыздар жеткирилген. Көбүнчөсү өздөрүнүн алектенген иштерин жашырган жок – деп билдирди  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев.

14-июнда Ички  иштер министри Кашкар Жунушалиев Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда. Бишкек шаардык ИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат деп убада берген.  Ал жакында эле аталган маселе жыйында талкууланганын айтып, шаарды сойкулардан тазалоо турганын айткан.

“Жакында эле аталган маселе жыйында талкууланган. Мен бир апта ичинде Бишкекти  сойкулардан тазалоо боюнча буйрук бердим. Сойкулардан тазалоо Правада-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн башталат”.

Ал эми интимдик кызмат көрсөткөндөргө милиция кызматкерлери өздөрү “калканыч” болуп, алардан акча алган учурлары болуп жатат деген журналистердин суроосуна Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул көйгөй жалгыз гана күч органдарынын милдети эмес, социалдык тармакты тейлеген кызматтар каякты карап жүрөт деп билдирип, бул жалпы коомдун жарасы болуп турат деген пикирин билдирген.

“Акыркы кезде коомчулукта  кайырчылар, бекерпоздор көбөйүп жатат. Эмнеге алар менен социалдык кызматтар иштешпейт? Ошол эле интимдик кызмат көрсөткөн боюнча. Бардыгы милициядан  сурашат. Бул эмне милициянын ишиби? Мыйзам бар бекен ошондой? Бизден сурагыла  кылмыштар боюнча, уурулук, тоноочулук боюнча. Ал эми бул маселелер менен  социалдык кызматтар иштеши керек эле да”.

Кыргызстанда сойкулукка чекит коюе турган мыйзам жок. Кармалгандарга уурулук жана бейбаштык, коомдук тартипти бузуу беренелеринин негизинде гана айып пул салынат – деп кошумчалайт Олжобай Казабаева.

Деген менен социалдык тармактарда бир жуманын ичинде  тазалоо мүмкүн эмес, милиция кызматкерлеринин айткандары бул популизмге окшош  деген сын-пикирлер айтылууда. Учурда Кыргызстанда интим  кызматын тараткан жана сунуштаган бир нече интернет сайттары иштеп, ошол эле социалдык тармактарда да кызмат сунуштагандар арбын.

Сүймөнкул Идирисов, “Биринчи радио”