Жаңылыктар
Терроризм жана экстремизмди күч менен чечүү мүмкүн эмес
Дин
Терроризм жана экстремизмди күч менен чечүү мүмкүн эмес

Улуттук коопсуздук комитети Баткен облусундагы иликтөө иштеринин жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Алар Кыргызстанда бир катар террордук иштерди жасоону пландаганы аныкталды. Ал арада бүгүн эле өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алган президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу талкуу кылды.

Өлкө башчысы терроризм жана экстремизмди күч менен гана чечүү мүмкүн эмес экенин, биринчи кезекте диний жактан туура билим берүү аракети көрүлүп жатканын, ошону менен катар улуттук каада-салт менен маданиятты колдоо керек экенин белгилегени бар.

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Бул көрүнүш 10-июнда Баткен облусундагы иликтөө иштеринин жүрүшүндө ишке ашканын УКМКдан бүгүн кабарлады. Улуттук Коопсуздук комитетинин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Рахат Сулаймановдун Биринчи радиого билдиришинче, кармалгандар Сириядагы Өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү такталган.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу талкуу жасады. Өлкөдөгү диний кырдаал маселеси былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, концепция кабыл алынган. Ал диний кырдаалды жөнгө салууга багытталган.

Экстремизм, терроризм боюнча дүйнөдөгү кырдаалды эске алып өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин диний кырдаалды тартипке салууну өз убагында колго алганы туура чечим болгон дейт Кыргызстандагы Еврей диний жамаатынын өкүлү Арье Райхман. Өлкөдөгү кабыл алынган диний концепциянын алкагында, диний билим берүү жана дин таануу боюнча билим берүүнү реформалоо боюнча концепция иштелип чыгууда. Анын негизинде мектептерди дин таануу сабагы киргизүү максатталууда.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"