Жаңылыктар
БШК: шайлоо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун эске алуу менен уюштурулууда
Шайлоо 2023
БШК: шайлоо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун эске алуу менен уюштурулууда

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди. 

12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды. Ага ылайык, саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн тамгыларын чоңураак жазып жана брайль арибинде жазышы керек. 

Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш. Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда.